"ПСЖ даярдан!". "Бавария" Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты

Бүгүн, 20-август күнү түндө Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын акыркы оюну өттү.

Жарым финалдык беттеште Франциянын "Лион" командасы менен Германиянын "Бавария" командасы кез келди. Беттештин биринчи бөлүгү бирдей ыргакта болгону менен германиялык клуб каршылашынын дарбазасына жоопсуз 2 гол киргизди.

Беттештин экинчи бөлүгүндө "Бавария" каршылаштарынан күчтүү болуп жатты. Оюндун негизги убактысы бүтөрүнө эки мүнөт калганда германиялык клуб дагы бир гол киргизгенге жетишти. Жыйынтыгында жалпы эсеп 0:3 болуп, "Бавария" турнирдин финалына жолдомо алды.

"Лион" - "Бавария" (0:3);

Голдор: Серж Гнабри (18, 30-мүнөттө), Роберт Левандовский (88-мүнөттө).

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Бавария" клубунун жарым коргоочусу Серж Гнабри табылды.

Финалда париждик "ПСЖ" клубу менен мюнхендик "Бавария" кез келет.

"Лион" - "Бавария"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lisan
2020-08-20 19:25:16
Эки оо келет болуш керек эле бутооруно болуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан