АКШнын Демократиялык партиясы калифорниялык сенатор Камала Харрисди алдыдагы шайлоодо өлкөнүн вице-президенттигине талапкер кылып бекитти. Бул туралуу Демократтар курултайында белгилүү болгону тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Камала Харрис бул кызматка көрсөтүлгөн биринчи афро-америкалык аял болду. Ал АКШнын президенттигине демократтар тарабынан талапкер катары көрсөтүлгөн Жо Байден менен бирге шайланат.
Президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Ал эми АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп республика партиясынан талапкер катары бекитилди.