Кечээ, 19-августта "Реформа" партиясы кезектеги курултайын өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин жана программасын бекитти. Партиянын штабынан келген тизмени жарыялайбыз.

- Клара Сооронкулова - Конституциялык палатанын мурунку судьясы;
- Мирбек Маматкасым уулу - жарандык активист, врач;
- Урмат Жаныбаев - жарандык активист;
- Манас Саматов - ишкер;
- Рита Карасартова - укук коргоочу;
- Эсен Рысбеков - коомдук коопсуздук боюнча эксперт;
- Тилек Ахматов - Санариптештирүү боюнча эксперт;
- Эрулан Кокулов - укук коргоочу;
- Назгуль Шекекова - ишкер;
- Кыялбек Калбаев - Башка өлкөдө мигранттарга иш орун түзүп берген ишкер;
- Гульгаакы Мамасалиева - укук коргоочу;
- Эркин Нурбаев - алып баруучу, журналист;
- Азият Жекшеев - журналист;
- Елена Воронина - медиаэксперт;
- Банур Абдиева - мугалим,
- Эмил Сыдыков - Бишкек шаардык кеңешинин экс депутаты;
- Акылбек Сариев - Борбордук шайлоо комиссиясынын экс жетекчиси;
- Чолпон Абдрахманова - маркетолог;
- Акжолтой Тукунов - жарандык активист;
- Сарвар Салимов - жарандык активист;
- Азамат Чакиев - фермер,
- Мира Абдраимова - данакер,
- Адылжан Шамшиев - жарандык активист,
- Эркин Асаналиев - укук коргоочу,
- Курманбек Шамбетов - мал чарба боюнча адис,
- Инна Аксенова - журналист,
- Курванбек Авазов - укук коргоо органдарынын ветераны,
- Бекмамат Сурап уулу - дарыгер,
- Дастан Аракеев - дизайнер,
- Алтынай Султанбекова - ишкер.
"Реформа" партиясынын курултайы ачык асман алдында өткөнү маалым.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Саясий партиялар 20-августтан кечиктирбей съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүшү керек болчу. 24-август кечке чейин партиялар талапкерлердин тизмеси боюнча документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырышат.