Биз социалдык тармакта

АКШ президентинин журналисттерине учакта телефон колдонууга тыюу салынды

АКШ президенти Дональд Трамптын пресс-пулундагы журналисттердин телефондору Кытайдан Вашингтонго учуп бара жатканда убактылуу алынган. Бул тууралуу NBC News телеканалы жазды.

Маалыматка ылайык, журналисттерге телефондорун тапшыруу талабы президенттик Air Force One учагынын бортунда айтылган. Буга коопсуздук маселелери себеп болгону билдирилген. Бирок коопсуздуктун кайсы жагдайлары эске алынганы такталган эмес.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Трампты Шэньчжэнь шаарындагы аэропортто учактын тепкичине чейин узатып койгон. Андан соң АКШ президентинин учагы Вашингтондун жанындагы Эндрюс авиабазасына багыт алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан