Бүгүн, 21-августтан 22-августка караган түнү Европа Лигасынын финалдык оюну өтөт. Бул мелдештин оюндары коронавирус пандемиясынан улам бир эле өлкөдө, тагыраагы Германияда өтүп жатат.
Финалда Испаниянын "Севилья" командасы менен Италиянын "Интер" командасы кез келет. Финалдык оюн Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат.
"Севилья" - "Интер", "Рейн Энерги" стадиону (Кёльн шаары, Германия).
Башкы калыс: Дэнни Маккели (Нидерланды).
Коронавирус пандемиясынан улам оюн көрүүчүлөрсүз өтөт.