Коронавирус пандемиясынан улам бир топ убакытка токтоп калган Кыргыз Премьер-Лигасы 7-августта кайра жанданган. Жалпы 8 команда ат салышууда. Алар: "Дордой" (Бишкек), "Алай" (Ош), "Каганат" (Ош), "Алга" (Бишкек), "Илбирс" (Бишкек), "Нефтчи" (Кочкор-Ата), "Абдыш-Ата" (Кант), "Кара-Балта" (Кара-Балта).
Учурда бишкектик "Дордой" командасы 13 упайы менен турнирдик жадыбалдын сап башында келе жатат. Экинчи орунда 12 упайы менен "Нефтчи" болсо, "Абдыш-Ата" 10 упайы менен үчүнчү орунда.
Кыргыз Премьер-Лигасы бомбардирлердин тизмеси: 1. Бекжан Сагынбаев ("Дордой") - 4 гол;
2. Эльдар Молдожунусов ("Нефтчи") - 3 гол;
3. Мирлан Мурзаев ("Дордой") - 3 гол;
4. Максат Алыгулов ("Абдыш-Ата") - 2 гол;
5. Жоэль Кожо ("Алай") - 2 гол;
6. Фархат Мусабеков ("Дордой") - 2 гол;
7. Эрнист Батырканов ("Дордой") - 2 гол.
Коронавирус пандемиясынан улам Кыргыз Премьер-Лигасы бардык оюндары Кант шаарында күйөрмандарсыз өтүп жатат.