Түркия өкмөтү Стамбулдагы Хора монастрын мечитке айлантуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, монастрь Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан. Мындан 74 жыл мурун музейге айланган.
"Бул Комнин императорунун доорундагы көрүнүктүү византия эстеликтеринин бири. Ал дин иштери боюнча башкармалыгына өткөрүп берилет. Ошону менен византиялык "фрескалар" (боёк менен тартылган сүрөттөр) алынат", - деп жазылат басылманын маалыматында.