"Футбол сүйүүчүлөрү үчүн бүгүн майрам". Бүгүн түндө Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну болот

Бүгүн, 23-августтан 24-августка караган түнү Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну өтөт. Бул мелдештин оюндары коронавирус пандемиясынан улам бир эле өлкөдө, тагыраагы Португалияда өтүп жатат. Оюн Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат.

Финалдык беттеште Франциянын "ПСЖ" командасы менен Германиянын "Бавария" командасы кез келет. Бул эки команда Чемпиондор Лигасында жалпы 8 жолу кездешкен. Анын ичинен 5 жолу франциялык команда жеңсе, 3 жолу "Бавария" жеңүүчү аталган.

Командалар бири-бирине каршы акыркы беттешин 2017-жылы өткөргөн. Анда "Бавария" "ПСЖ" командасын өз үйүндө 3:1 эсебинде жеңип, конокто 3:0 эсебинде жеңилген.

"ПСЖ" - "Бавария", "Эштадиу да Луш" стадиону (Лиссабон шаары, Португалия).

Башкы калыс: Даниэле Орсато (Италия).

Коронавирус пандемиясынан улам оюн көрүүчүлөрсүз өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bayern-munchen
2020-08-23 10:13:20
Алга Бавария Мюнхен!
+3
Farm94
2020-08-23 13:13:25
Псж
-2
monkey92
2020-08-23 13:37:21
ПСЖ утат.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан