Бишкектен кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаев тил каттын негизинде бошотулду

9-агустта Бишкек шаарындагы кафелердин биринен кармалып, кийин УКМК тарабынан Өзбекстанга өткөрүп берилген журналист Бобомурод Абдуллаев туура жүрүм-туруму жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулду. Бул тууралуу Ташкент шаарындагы жактоочу Сергей Майоров жергиликтүү басылмаларга билдирген.

"Бобомурод Абдуллаев тийиштүү жүрүм-турум келишиминин негизинде бошотулду. Тергөө аяктаганга чейин, ал суракка чакырылышы мүмкүн. Мындан тышкары тергөөчүнүн уруксатысыз, ал Өзбекстан аймагында эркин жүрө албайт жана өлкөнүн чегинен тышкары чыга албайт. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, тергөө иштеринин жалпы мөөнөтү 3 ай", - деп билдирген Майоров.

Бобомурод Абдуллаев Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Genka
2020-08-23 14:29:08
Эки звонок менен бошоттура коюптур да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан