Атактуу футболчу Криштиану Роналдунун сүйүктүүсү социалдык тармактагы баракчасына үйлөнүүгө байланыштуу жазган посттору ар кандай ушак кептерди жаратты.
Ал жүктөгөн сүрөттө 26 жаштагы Жоржина Родригес ачык кызыл түстөгү көйнөк кийип, ал эми Криштиану Роналду ачык көк түстөгү көйнөк жана ак шым кийип турганын көрүүгө болот. Сүрөткө Жоржина “ооба” деген гана билдирүүсүн калтырган.
Аталган билдирүү жана сүйүктүүлөрдүн мындай жасанып кийинген көрүнүшү интернет колдонуучулардын оюн келечекте боло турган үлпөт тойго түрткөн. Аларга катталуучулары суктанып, экөөнү тынымсыз куттукташууда.
Эске салсак, модель жана спортчу 2016-жылдан бери чогуу. Алар 2017-жылдын ноябрында Алана Мартина аттуу кыздуу болушкан. Ошондой эле Роналдунун карын энеден үч баласы бар. Белгилей кетсек, буга чейин Криштиану менен Жоржинанын үйлөнүү күнү жөнүндө массалык маалымат каражаттарында ар кандай маалыматтар чыккан. Ал эми айрым журналисттер тойдун болжолдуу датасын дагы билдиришкен.