Бууумм! Лионель Месси "Барселонадан" кетүүнү чечти

Дүйнөгө белгилүү футболчу, Испаниянын "Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси клубдун жаңы машыктыруучусу Рональд Куман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин клубдан кетүүнү чечти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Куман Месси менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө: "Мен ийкемдүү болбойм, команда жөнүндө ойлонушуң керек", - деген.

Анын сөздөрү Мессини ушунчалык капа кылгандыктан, ал клубдан кетүүнү чечкен.

Лионель Мессинин "Барселона" клубу менен түзүлгөн келишиминде ар бир сезондун аягында келишимди бир тараптуу бузууга мүмкүндүк берген варианты бар.

Өткөн сезондо 33 жаштагы Месси клуб менен жалпы 44 оюнга катышып, 31 гол киргизип, 26 жолу голдук пас чыгарып берген. Месси "Барселона" клубунун тарыхындагы мыкты бомбардир. Клуб менен футболчу 4 жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
rysik79
2020-08-26 11:18:44
Ак жол месси таарынсаң таласка кел. Коркутсаң кочкорго кел.
+6
Syimyk.isaev
2020-08-26 12:30:21
Барсанын чыныгы күйөрмандары иргелет экен.
+2
Kyrgyz40
2020-08-26 12:56:18
Испан футболунун рейтинги тушуп калат эми, Барселонага ийгилик эмне болсода
+2
Islam98
2020-08-26 13:27:16
Роналду Кетти эле Эми минтип Месси да кетип жатат.Ла лиганын темпи Эми накта тушот.Ла лиганын президенти "Роналду Испан чемпионатын таштап кеткенде авторитет тушкон эмес"Месси кетсе тушкону даана байкалат деди эле Эми коробуз го.
+2
Alinur
2020-08-26 14:56:58
"жаман катын кетем деп коркутат" дегендей болуп жатат бул жагы. Менин оюумча кете албаса керек
-1
Hernandez
2020-08-26 21:26:06
Эси болсо кетпеш керек. Оорулуу кезинде эч ким карабай, дарылатканга акча төлөбөй койгондо "Барселона" дарылаткан, жумасына 1000$ төлөп, "Барселона"да дарылатпаганда жүрмөк 1,30 боюнча. Эч бир клуб акча бөлгүсү келген эмес, так что ойлонуш керек, адам кылып койсо айбандай мамиле жасабай. Бирок менин оюмча кетпейт го....
+1
Islam98
2020-08-28 13:44:29
Hernandez,Барса озунун кочугун ойлогон учун Мессиге ошондой мамиле кылышты!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан