Каталониянын президенти Ким Торра "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин клубдан кетүү чечимин кабыл алгандан кийин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына футболчуга ийгиликтерди каалады.
"Каталония ар дайым сенин үйүң болот. Ушул убакка чейин мыкты футбол көрсөтүп, бизге бакыт алып келгендигиң үчүн чоң рахмат! Биздин өмүрүбүздүн бир нече күнүн дүйнөдөгү мыкты футболчу менен бөлүшүү биз үчүн бактылуу күндөр болду. Биз сени эч качан унутпайбыз!", - деп жазган Торра.
Лионель Месси "Барселона" клубунун жаңы машыктыруучусу Рональд Куман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин клубдан кетүү чечимин кабыл алган.