Биз социалдык тармакта

Жума намазын мечиттерде окууга уруксат берилди

Коронавирус пандемиясынан улам убактылуу жабылган мечиттер жума намазын окуу үчүн ачылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул аптадан баштап жарандар жума намазын мечитке барып окуса болот.

Мечитке келгенде сактык чараларын бекем сактаңыз!
Талаптар:
- Күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын бет кап тагынуусу талап кылынат;
- Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү талап кылынат;
- Мечитте адамдардын ортосунда 1 жарым метрдик аралыкты так сактоо зарыл;
- Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
- Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окуп келүү;
- Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;
- Мечитке келгендер көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүү сунушталат;
- Саат 13:15де жогорудагы талаптарды түшүндүрүү, ынтымакка, биримдикке жана сабырдуулукка чакыруу иштерин жүргүзүү;
- Жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат;
- Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.
Муфтият жалпы жарандарды беш убак намазга жана жума намазына келүүдө жогорудагы талаптарды толук сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
i1urp
2020-08-26 12:59:09
Чала молдо дин бузаарлар кобоюп кетти. Ар кайсы жомокторго ишенип талаада калбаш керек.
-16
Nestana95
2020-08-26 13:47:37
Кандайча уруксат берилди..окмот айнып атат го,,экинчи толкун деп даярдангыла деп мугалимдерге,,,окуучуларды онлайн окуутуу деп,,аман болсун иши кылып
-6
urmat94
2020-08-26 16:11:22
Nestana95, Ушундайча уруксат берилди. Мечиттер ачылса сени мечитке бар деп эч ким мажбурлабайт. Так что озунун тиричилигини кыла бер
+3
bratanyn
2020-08-26 14:18:13
Сүйүнүчтүү кабар!!!
+10
guljan929
2020-08-26 14:39:21
Аллага шүгүр
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан