Шоумен Максим Галкин жубайы атактуу ырчы Алла Пугачёваны камсыздоого айына 10 миллион рублга жакын акча коротот. Бул тууралуу продюсер Андрей Разин жергиликтүү телеканалдардын биринде берген маегинде айткан.
"Эгерде примадонна Галкиндин акчасы жок экендигин билсе, аны кууп чыгат же азыр жашап турган Грязь аймагынан өзү көчүп кетип калат. Мен аны көп жылдан бери билем, ал жетиштүү жана бай турмушка көнгөн, мүнөзү оор аял", - деп билдирген Разин.
Анын айтымына караганда, Пугачёва иштегенди каалабайт, анын ордуна неберелери, балдары менен алек болгонду жакшы көрөт. Учурда Галкинге киреше мурдагыдай түшпөй калган, буга коронавирус пандемиясы да өзүнүн таасирин тийгизди. Анын үстүнө аялынын чыгымдары да кошул-ташыл болууда.
Ошондой эле Разин шоумендин "AliExpress" рекламасына тартылышына да ушул жагдай себепкер болгондугун ырастаган.
Ал Галкиндин финансылык абалы мындан да начарласа, Подмосковьедеги үйүн сатышы мүмкүн экендигин айткан. Бирок бул тамдарга азыр суроо-талап анча көп болбогондуктан, артистке акчалай жактан жеңилдик алып келиши күмөн экендигин кошумчалаган.