Кайсы учурда сасык тумоо пневмонияга айланат? Адистин жообу

Белгилүү орус педиатры, медицина илимдеринин кандидаты Евгений Комаровский сасык тумоо илдети кайсы учурда пневмонияга өтүшүп кетери тууралуу өзүнүн каналында айтып, түшүндүрүп берген.

Комаровский балдардын пневмонияга кабылып калышына көпчүлүк учурда аларга жардам бергиси келген ата-энелердин туура эмес иш-аракеттери себепчи болуп каларын айткан.

"Балада курч респиратордук инфекция аныкталганда, айрыкча энелери менен чоң апалары оорунун өпкөгө түшүп кетүүсүнөн коркот. Бул учурда алар баланы аябай жылуу, калың кийинтип, колунда бар дарылардын баарын бере башташат. Мындай иш-аракеттер менен алар балага зыян тийгизип жатканын билишет болду бекен? Эмнеге? Буга жооп берүү үчүн пневмониянын өрчүшүнүн механизмин түшүндүрүп берейин. Бала сасык тумоого кабылганда жогорку дем алуу органдарынын сезгенүүсү жүрөт. Мындай сезгенүү какырыктын бөлүнүп чыгышы менен коштолот. Биз ага кошумча дагы какырык чыгаруучу дары беребиз. Мындайда өпкөдөгү былжырлар көбөйүп кетет. Алар көбөйгөндө, консистенциясын өзгөртүп, былжырлуу болбой, пластилиндей абалга келет да, ал тоголок болуп бронхту тосуп калат. Демек, бронхторго абанын келиши кыйындайт, башкача айтканда, бронхто абанын вентиляциясы жүрбөй калат. Мына ушул фактор пневмониянын келип чыгышын шарттайт", - деген педиатр.

Андан ары Комаровский ата-энелерге эки рецепт сунуштаган, анын биринде пневмонияга кабылуунун рецепти, биринде тескеринче ага жол бербөөнүн рецепти көрсөтүлгөн.

Пневмонияга кабылуунун рецепти:

А. суу ичирбөө;

Б. көп тамак берүү;

В. Болгон кийимдердин баарын кийинтип салуу;

С. Бөлмөнү абдан жылуу кармап, бирок желдетпөө, полду хлор менен жуу;

Д. Какырык чыгаруучу дары берүү;

Е. Антигестаминдик дары берип, ага антибиотик кошуу.

"Бул учурда жөнөкөй пневмония эмес, туруктуу пневмония пайда болуп, ооруканада эмдөө менен гана дарылануу керек болуп калат", - деген ал.

Пневмонияга кабылбоонун рецепти:

А. сууну көп ичүү;

Б. калың эмес, жылуу кийинүү;

В. абанын нымдуулугу;

С. бөлмөнү желдетип туруу, таза кармоо;

Д. дарыгердин көрсөтмөсү жок, какырык чыгаруучу дары ичпөө;

Е. Курч респиратордук инфекцияда балага классикалык жардам берүүнү үйрөнүү.

"Мындай иш-аракеттер менен ата-эне баланы 99 пайызга оорудан коргоп кала алат. Балдарыңарды туура дарылагыла! Эң жакшысы оорутпагыла", - деп сөзүн жыйынтыктаган балдар дарыгери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан