Англиянын Эссекс шаарында жүк ташуучу унаадан 39 адамдын жансыз денеси табылган окуя эсиңиздеби? Дал ошол окуяга шектелгендердин бири күнөөсүн моюнуна алгандыгы тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы ирландиялык Ронан Хьюз жүрөк үшүн алган окуядан 10 ай өткөн соң сот алдында күнөөсүн моюнуна алды. Ал жарандарды Европага мыйзамсыз миграция менен алып кирүүгө тиешеси бар экендигин айткан. Андан сырткары 39 жарандын өлүмүнө күнөөлүү катары жүк ташуучу унаанын айдоочусу Мо Робинсон да күнөөсүн толугу менен моюнга алган. Ал эми дагы бир шектелип жаткан ирландиялык аталган окуяга өзүн күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын билдирген.
Эске салсак, жүк ташуучу унаада каза болгон 39 адамдын баары Вьетнамдын жараны болгон, алардын 38и чоң киши болсо, 1и өспүрүм болгон. Жүк ташуучу унаа Болгариядан келгендиги айтылган. Ал эми алардын жансыз денеси 2019-жылы 23-октябрда Англияда табылган. Алар абанын жетишпестигинен улам каза болгондугу айтылган эле. Тергөөнүн айтымында, алар мыйзамсыз түрдө Болгариядан Ирландия аркылуу Британияга өтүшкөн.