Орусиялык актёр Михаил Ефремовдун жактоочусу жол кырсыгынан каза болгон кишинин аялынын сөзүнө күлдү

Орусиялык актёр Михаил Ефремовдун жактоочусу Елизавета Шергородская сотто жол кырсыгынан каза болгон Сергей Захаровдун аялы күйөөсүнүн өлүмү үчүн 1 рубль талап кылгандыгын айтып күлгөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Захарова күйөөсүнүн өлүмүн 1 рублга баалагандыгы кандай жаман", - деген Шергородская.

Буга чейин Ефремов менен болгон кырсыкта каза болгон Сергей Захаровдун аялы күйөөсүнүн өлүмү үчүн компенсация катары бир рубль талап кылган.

8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан