Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал катталышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жакынкы бир саат аралыгында, кечинде жана түндүн биринчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 14-16 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Сак болуңуздар!", - деп билдиришти ӨКМдан.