Орусиялык актёр Михаил Ефремов жол кырсыгынан каза болгон Сергей Захаровдун үй-бүлөсүнө 3 рубль которду. Бул тууралуу актёрдун жактоочусу Эльман Пашаев жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Жактоочунун айтымында, актёр кырсыктан жабыркаган үй-бүлөнүн уулдарына өз баласындай кам көрүүгө даяр экендигин айткан. Бирок алар буга макул болушкан эмес. Ефремов жабырлануучулардын (маркумдун аялы, иниси жана кичүү уулу) ар бирине 1 рублдан компенсация төлөп берди. Буга чейин алардын бардыгы ушул суммага доомат коюшкан.
8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.