Кувейт банкрот болуу алдында турат. Бул мунайга болгон баанын төмөндөшүнө байланыштуу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Перс булуңундагы эң бай өлкөлөрдүн бири казынанын кирешесинин 90 пайызын углеводороддорду сатуудан алышат. Резервдик фонд 6 миллиард 540 миллион долларды түзөт. Ал эми учурдагы чыгымдар 5 миллиард 560 миллион долларды талап кылат.
Өлкөнүн каржы министрлиги Кувейттин мамлекеттик секторунун 80 пайызы жумуш менен камсыз болгонун билдирди.
1-апрелде өлкө бюджетинин тартыштыгы 69 пайызды түзүп, 18 миллиард 44 миллион долларды түзгөн. Улуттук банк бул көрсөткүч ички дүң өнүмдүн 10 пайызын түзгөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, Кувейт бюджетинин тартыштыгы 46 миллиард долларга жетиши мүмкүн.
Бийлик кырдаалдан чыгуунун ар кандай жолдорун сунуштап жатат. Алар евро облигацияларын жайгаштырууга ошондой эле тышкы жана ички базарларда 65 миллиард долларга чейин насыя алууга мүмкүнчүлүк берген мыйзамдын кабыл алынышын колдойт. Бирок Кувейт парламенти бул сунушту четке какты.
"Өкмөттүн дүйнөдөгү 4-ири улуттук жыргалчылык фондусуна ээ болуп туруп, карызга батууга аракет кылып жатканы уят иш. Бул өкмөттүн иштебей калгандыгынын белгиси", - деп билдиришкен парламенттин өкүлдөрү.
Кувейттин Улуттук банкы дагы мыйзам кабыл алынышы керектигин белгиледи, анткени өлкөнүн резервдери азайып, тартыштык өсүүдө.
Аналитиктердин айтымында, Перс булуңундагы мамлекеттер мунай заттын баасы арзандап кеткенин билишпестен, чыгым адаттарын ошого жараша өзгөртүшкөн эмес.