Орусиялык белгилүү дарыгер жана алып баруучу Елена Малышева дүйнөдөгү эң кооптуу илдеттерди атады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Малышеванын айтымында, коронавирус пандемиясынан улам адамдар чыныгы коркунуч алып келе турган ооруларды унутта калтырып жатышат.
"Коронавирус эң коркунучтуу эмес", - деп билдирди Малышева.
Ошондой эле ал коронавирус өлүмгө жептей турган оорулардын арасында 17-орунда тураарын кошумчалады. Ал эми эң кооптуу бештикте кургак учук, гепатит В, пневмония, ВИЧ/СПИД жана безгек деп баса белгиледи.