"Кыргызстан" партиясы шайлоо алдында "ЭЛ ҮЧҮН" программасын сунуш кылат

Кыргызстандын өнүгүшүндө эң маанилүү ресурс – адамды өнүктүрүүгө негизделген!

Бул максатка жетүү үчүн, өлкөнүн тарыхында "Элдик мыйзамдар" деген ат менен кала турган демилгелер иштелип чыкты! Алар эл үчүн жана Кыргызстандын ар бир жараны үчүн иштелип чыккан! Партия республиканын жарандарын угат жана ар бир жарандын жыргалчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алат!

Партия төмөнкү багыттар боюнча жигердүү реформаларды жүргүзүү үчүн түпкү кадамдарды сунуш кылат: экономика, социалдык чөйрө, мамлекеттик башкаруу, эл аралык саясат жана коопсуздук.

Ар бир жаран жана бардык адамдар үчүн кризиске каршы 20 мыйзам! Фундаменталдык реформалар үчүн, ири, реалдуу жана алдыңкы долбоорлор үчүн 20 мыйзам!

"ЭЛ ҮЧҮН" программасы турмуштун эң маанилүү чөйрөлөрүн камтыйт ошондой эле орто жана узак мөөнөттүү мезгилге республиканын негизги багыттары боюнча өнүгүү стратегиясын сунуштай алат жана программаны жүзөгө ашыруу боюнча төмөнкүдөй максаттарды белгилейт (артыкчылыктуу, бирок өз ара көз карандылыкта), алар биринчи кезектеги партиялык мыйзам долбоорлорунун, демилгелеринин 5 пакетинде таризделген:
• Экономика саясатка караганда маанилүү
• Социалдык чөйрө - ар бир үй-бүлөдөгү жыргалчылык
• Маданият жана билим - бул элдин баалуулугу
• Натыйжалуу эл аралык саясат
• Коопсуздук жана мыйзамдын үстөмдүгү

Партиянын максаты – ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекет! Элдин жыргалчылыгы - бул бүтүндөй мамлекеттин жыргалчылыгы!

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 7-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)
Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Islambek1993
2020-09-07 17:13:48
Шайлабагыла ишенбегиле бул партияга бийликтин партиясы мекенчилди или бутун кыргызстанга добуш бергиле
+3
Mister-X
2020-09-07 17:31:14
Ал сенин кыялындагы жомок.
+2
Islambek1993
2020-09-07 17:43:17
Mister-X,meninbi
-1
Felice41
2020-09-07 19:04:07
Программанарды эчак эле Дастан менен Тазабек айтып койгон. Элди башын айлантпай тынч олтургула.
+1
anonymous
2020-09-07 22:06:39
Чакуруктары күчтүү го
+1
Aituwas
2020-09-08 12:11:30
Мекенчилдер мн ыйман нурун шайлайлы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан