Поэтерапия: "Кол булгап менден алыс учтуң жаңы, кош болгун бактым менин туткундагы"

Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын коногу таланттуу жаш акын Камчыбек Узакбай уулу.

Ал 1996-жылдын 10-декабрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Айыл айылында төрөлгөн. 2014-жылы ошол эле айылдагы №78 Молдошбай Жолдошалиев атындагы орто мектепти бүтүргөн. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында өткөрүлгөн "Жаш акын-2018" сынагынын жеңүүчүсү, Эгемберди Эрматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты жана "Алакандагы күн" аттуу ырлар жыйнагынын автору. "Жигер" чыгармачыл жаштар борборунун мүчөсү.

Учурда Ош технологиялык университетинин архитектура жана курулуш факультетинде магистр жана курулуш компанияларынын биринде адис болуп эмгектенет. Кесип менен өнөрдү айкалыштыра алып бараткан жаш талант жумуш үстүндө ырларын окуп, алардын жаралуу тарыхын айтып берди.

БАКТЫЛУУ БОЛ

Кол булгап менден алыс учтуң жаңы,

Кош болгун бактым менин туткундагы.

Бактылуу жашайм эми сенин курган,

Бактыңдын мага тийип учкундары.





Өмүрдө баары сүйгөн, ашык беле,

Өзүңдү күнөөлөйсүң жашып неге.

Өгөйлөп менсиз келген өз бактыңды,

Өкүнүч менен келген бакыт дебе.





Сен чанган бакыт арман башкаларга,

Кабыл ал билесиң жок башка арга.

Убайым тартып сенден бакыт өзү,

Уруксат сурап турат астанаңда.




Таарынба биздин күндөр аздыгына,

Тапшырдым буюруп койгон тагдырыңа.

Коломтоң оту жанды ушул түнү,

Кошулуп да бир жаздык, жаздыгыңа.





Түйшөлүп түмөн ойдон туталанып,

Түгөнбө бул жашоодон ушаланып.

Башкалар бактың байлап койгон жерде,

Бак болуп мөмөлөгүн бутак алып.



- Мындай саптарды кимге арнап жаздыңыз эле? Ырыңыздын каарманы ким?

- Негизи "Бактылуу бол" деген ыр өз жашоомдон алынып жазылган. Ар бир ыр жазган акын жашоосунан таасир алганда ойлонуп, кысталып ырга түшүрөт деп ойлойм. Кино бул жашоонун күзгүсү болсо, поэзия бул жан дүйнөнүн күзгүсү. Аны ыр аркылуу чагылдырып берүүгө аракет кылып, ошол учурдагы кырдаалды кармап калып жазгам.

Чоңдор "ыйык нерсе туюк болгону жакшы" деп айтып жүрүшкөндөй эле бул ырдын каарманы ким деп кызыгып жатсаңыздар, бул ырдын каарманы азыркы тапта үй-бүлөлүү, бала чакалуу. Буюрса биз да келечекте үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болобуз. Ыйык нерсе жашыруун болгону жакшы деген сөзгө таянып, анын атын ачык айта албайм. Негизгиси ырымдын каарманы жашоомдо бир жаралган адам.

БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨ

Атам, апам, бир туугандар күнүгө,

Ар кай жакта толук эмес үй-бүлө.

Абалкыдай бир туугандар колду жууп,

Аарчынбастан калдык бирге сүлгүгө.



Бири окуп, бири иштеп жошулуп,

Бир туугандар бирден кетип отуруп.

Бизге ата-эне жол көрсөтүп узадык,

Бул турмуштун агымына кошулуп.



Короо-жайда: уйлар, койлор, эчкилер,

Козгоп моюнун бизди күтүп кеч кирээр.

Кошо өскөн бир туугандар акыры,

Коломтосун куруп жүрөт деп билер.




Биз куштардай канат күүлөп жайылдык,

Бири Маскөө, бири оштук, айылдык.

Биздин үйдө бирге өскөн күндөрдү,

Бир туугандар эңсеп, күттүк, сагындык.



Ата-эне, бир туугандай күнүгө,

Ашык кылып албас эч ким сүйдүрө.

Ар кай жакта жүрсөк үйдө оюбуз,

Абдан сонун биздин ушул үй-бүлө.

- Бул ырыңыз качан, кантип жаралып калды?

- Бул ыр азыркы жашообуздун азыркы кырдаалы деп билем. Анткени ар бир кыргыз үй-бүлөсүндө сөзсүз бирден адам чет жерде мигрант болуп жүрөт. Негизи эле турмуштун же тагдырдын мыйзамы ушундайбы бир туугандар чоңойгондон кийин турмуш куруп, үй-бүлө күтүп ар ким өз жолу менен кетет экен.
Биз да үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Билесиздер, айыл жергесинде бир туугандар бир бөлмөдө жатып эле чоңоёбуз да. Билбейм эми жетишкен шарттагылар эле өзүнчө бөлүнүп жашабаса, биз ырда айтылгандай эле жашаганбыз.
Ал да өзүнчө бир туугандык сезимди жаратабы бири-бирибизге болгон мээрим өзгөчө. Бир туугандык мээрим түшүп калгандыктан студент болуп шаарга келгенде аларды башкача сагындым. Үйгө барсаң үйдө эч ким жок. Ошол учурдагы кырдаалды ыр менен чагылдырып, ар кимибиз ар жакта жүргөнүбүз менен оюбуз үйдө деген маанини бергим келгендеги ыр.
МӨНДҮР

Чагылгандын үнү өктөм жаңырып,
Жарк-журк этип сүрү көктөн чагылып.
Ал аңгыча тумчуктуруп сур булут,
Асман калды чоң кырсыкка кабылып.


Сүйүнгөндөй мындай учур, абалга,
Сүйүп жүзүн туман түшсө дабанга.
Бариктери желге назик ыргалып,
Бак-дарактар бийлеп турду шамалга.



Адамдарга көрсөтө албай батынып,
Ак булуттар асман сырын жашырып.
Үзүлгөндөй үр кыздардын мончогу,
Мөндүр жаады, көк шиберге чачылып.


Улам чертип тийсе дагы чекеге,
Балдар сезбей мөндүр терет кесеге.
А чоңдордун суктанганы жөн эмес,
Аруу нерсе арууларга дечү эле.

- "Мөндүр" ырынын жаралуу тархына токтолсоңуз?
- Табият эч качан өзгөрбөйт, туруктуу деп билем. Ал туруктуулугу менен менин жан дүйнөмө жакын. Айыл жергесинде аябай башкача көрүнөбү, билбейм, ал жакта чоңойгон үчүн айылда мөндүр жаап жаткан маалда ойдон жаралып, жазылган ыр.
Бала чактан бери ойлонулуп, мөндүр кайдан түшөт деген кыялдар менен айкалышып олтуруп бышып, жетилип жаралган ыр.
Мөндүр жааганда атайын ушундай чагылган болуп, жөн жаабай аалам дүрбөлөңгө түшөт. Бала чакта мөндүр жааганда асмандагы үр кыздардын мончоктору үзүлүп, жерге түшкөндөй килемге жайылгандай эле чачырап түштү деген ой келген. Алардын жыйындысы ушул ыр.

Поэтерапия: “Кол булгап менден алыс учтуң жаңы, кош болгун бактым менин туткундагы“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ka2sr1
2020-09-10 21:30:36
Ыр сонун. Ушундай ырларды аудио кылып чыгарсанар жакшы болмок.
+2
Raihan0602
2020-09-11 18:08:06
Ырларың абдан жакты чыгармачылыгыңа ийгилик талантыңы таптай бер балам өмүрүң узун болсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан