Ош шаарындагы муниципалдык менчик башкармалыгы санариптешет

Бүгүн, 7-сентябрь Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын электрондук форматка өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, шаар куруу бөлүмүнүн кызматкерлери жана муниципалдык менчик башкармалыгынын эмгек жааматы катышты.

Жыйында президенттин "Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо" жылынын алкагында муниципалдык менчик башкармалыгынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү багытында сөз болуп, ишке ашыруучу программанын презентациясы болуп өттү. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы үч тараптуу келишим түзүп, иш алып барууда. Электрондук иш жүргүзүү аракеттери октябрь айынын акырына чейин бүтөт.

Үч тараптуу келишимде "Инфа система" атайын мекемеси программа түзөт. Санариптик ишмердүүлүктүн каражатын "Интер билим" эл аралык организациясынын Оштогу филиалы бөлүп берет. Ал эми маалыматтардын толук кандуу жайгашуусуна муниципалдык менчик башкармалыгы милдеттүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан