Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган деп шектелип 20 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган деп шектелип, 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, криминалдык милициянын ыкчам тобуна болжол менен 20-25 жаштагы эркек киши кызыл китепке кирген жаныбардын терисин жанында алып жүрүп сатууга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, аны кармагандан кийин жанындагы сумкада тери бар болгон.

Учурда тери кайдан алынганы иликтенип жатат. Ошондой эле бул ишке тиешеси бар башка адамдар изделүүдө.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "мыйзамсыз аңчылык кылуу жана балык уулоо же суу жаныбарларын кармоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү суракка алынган соң, чакырган учурда келүү милдеттенмеси менен коё берилген.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gisi
2020-09-08 01:46:25
Эх досм не андай ишке аралашасын айтчы эй айтчы. Постава болгон иш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан