Тажикстандын бийлиги жарандарына Орусияга барбай турууну сунуштады

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарына Орусияга барбай турууну сунуштады. Бул тууралуу ишемби күнү министрликтин расмий сайтында жарыяланды.

"Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн жарандарына өтө зарылчылык болбосо, Орусиянын аймагына транспорттун бардык түрлөрү менен баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Москвадагы "Крокус Сити Холлдун" концерттик залында болгон каргашалуу окуядан кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн, өзгөчө Тажикстандын жарандары Орусиянын укук коргоо органдарынын тыкыр көңүл буруусуна алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан