Фейсбук компаниясы АКШдагы президенттик шайлоого бир апта калганда жарнамалоо иштерин убактылуу токтотот

Фейсбук компаниясы 3-ноябрда өтө турган АКШдагы президенттик шайлоого бир апта калганда саясий жарнамаларды жарыялоону бир күнгө токтотот. Компаниянын жетекчиси Марк Цукерберг мындай чечимди кабыл алуусун Америка коомундагы өтө терең карама-каршылык пайда болуп, мунун арты массалык баш аламандыкка айланып кетиши мүмкүн деген коркунуч бар деп түшүндүрдү.

"Алдыдагы шайлоо адаттан тыш болот. Биздин элде чоң ажырым пайда болду. Ал эми шайлоонун акыркы тыянагын чыгарууга бир нече күн, балким, апта керектелет. Өлкөдө болсо жарандык толкундоо болуп кетүү тобокелчилиги күчөйт", - деген ал.

Быйыл 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Анда президенттик так үчүн 74 жаштагы Трамп жана 78 жаштагы Жозеф Байден ат салышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан