Социалдык тармактарда окуучуларды онлайн окута албай, үйүнө чакырып окутуп жаткан учурда тартылган сүрөт тарап, кызуу талкууга алынды. Сүрөттү Твиттердин "Кара кыз" аттуу колдонуучусу жүктөп, ал Баткенде тартылганын жазып өткөн.
Сүрөт качан жана кайсы жакта тартылганы тууралуу так маалымат азырынча жок.
Коомчулукта онлайн окутууга ата-энелер, окуучулар, ал тургай мугалимдер да даяр эместиги тууралуу көп сөздөр айтылууда.
Сөзүбүз кур болбошу үчүн өлкөбүздөгү катардагы үй-бүлөгө онлайн окутуу тууралуу суроо узаттык. Каныкей Нарынбекова Нарын районунун Эмгекчил айылынын тургуну, анын 4 баласы бар.
- Жаңы окуу жылы сиздер үчүн кандай башталды? Онлайн окутуу кыйынчылыктарды жараткан жокпу?
- Адаттагыдай балдарды мектепке даярдаган жокпуз. Бирок андан да көп чыгым болдук. Менин мектепте окуган 2 балам бар, ал эми экөө мектепке бара элек. Окуу жылы башталганы балдарыбызга уюлдук телефон алып бергенге туура келди бир балама өзүмдүкүн бердим, бирөөнө жаңы сатып бердик. Бирок балдар да ар кайсыга кызыгып, сабактан алаксып кетип жатышат.
- Уюлдук телефон алып бергенге ар бир эле ата-эненин мүмкүнчүлүгү жок да. Андай үй-бүлөлөр эмне кылып жатышат?
- Шаарда кандай билбейм. Бирок айыл жергесинде уюлдук телефонду мындай кой, сыналгысы жок үй-бүлөлөр бар. Алар кантип балдарын окутуп жатышат билбейм. Онлайн окутууга өткөрүп жаткан учурда ушундай жагдайларды дагы эске алыш керек эле тиешелүү жактар. Көптөгөн ата-энелер уюлдук телефондорду банктар аркылуу насыяга алышты балдары үчүн. Айыл жергесинде интернет да дайыма жеткиликтүү боло бербейт, шамал болуп же жаан жааса да анын ылдамдыгы төмөндөп, тартпай калат.
Ушуларды эске алып, балдарды да кыйнабай мектептерди ачса жакшы болмок.
- Айыл жергесинде көп учурда пенсияга чыгып калган мугалимдер көп эмгектенишет эмеспи аларга да кыйынчылык жаралып жатса керек?
- Айылга жаш кадрлар келбегенине байланыштуу жашы өтүп калган мугалимдер көп. Аларга да кыйын болуп жатканын угуп, көрүп эле жатабыз. Мен үйдө болгондуктан, 2 баламдын окуусуна көз салып жетишип жатам, ал эми экиден көп баласы барлар кантип жетишет? Ата-энелер балдарды окутуу менен алек болсо ким иштеп, ким акча табат? Айта берсең толтура. Негизгиси абал турукташып, мектептер эрте ачылып, балдарыбыз мурдагыдай мектептен билим алсын деп тиленип жатабыз.
- Маегиңизге рахмат!