Караколдо санитардык эрежелерди сактабаган коомдук транспорттордун айдоочуларына айып пулдар салынууда

Каракол шаарында коомдук транспорттордун айдоочулары санитардык эрежелерди сактоо боюнча атайын рейддик иш-чара өтүүдө. Текшерүүдөн шаар ичинде жана шаар аралык багытта жүргүнчүлөрдү ташыган автоунаалардын айдоочуларын өткөрүүдө.

Мындай иш-чаранын негизги максаты шаар ичиндеги коронавирус илдети менен байланышкан абалды жакшыртууга, белгиленген санитардык эрежелердин сакталышына жана шаар тургундарынын саламаттыгынын коопсуздугун көзөмөлдөөгө багытталган.

Бир күндүн ичинде Каракол шаары боюнча жол коопсуздугунун көзөмөлдөө кызматынын бөлүмчөсүнүн инспекторлору, санитардык-эпидемиологиялык жана транспорт инспекциясынын өкүлдөрү менен бирдикте 50гө жакын таксисттер, 35тен ашык кичи автобустардын жана 5 автобустун айдоочулары текшерүүдөн өтүштү. Аталган рейддик иш-чара учурунда коомдук транспорттун 2 айдоочусу санитардык эрежелерди сактабастан, жүргүнчүлөрдү ташып жүргөндүгү аныкталган.

Аларга карата протоколдор түзүлүп, ар бирине 3000 сом өлчөмүндө айып пулдар салынды. Андан тышкары аныкталган кемчиликтерди жойгончо маршруттардан алынышты.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда 4-сентябрдан 10-сентябрь аралыгында коомдук транспорт арасында санитардык эрежелерди сактоо боюнча атайын рейд өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан