Япониянын Олимпиада жана паралимпиада иштери боюнча министри Сэйко Хасимото Токиодо өтө турган жайкы олимпиаданы кандай болгон күндө да өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу япон басылмаларына таянып орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Хасимотонун айтымында, "спортчулар да, уюштуруучулар да Олимпиадага даярдануу үчүн бир топ күч-аракеттерди жумшап жатышат. Биз кандай гана болбосун Олимпиаданы өткөрүшүбүз керек", - деди министр.
Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитетинин вице-президенти Жон Коутс Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндары коронавирус пандемиясына карабастан өткөрүлсө, Япония олуттуу коопсуздук маселесине туш болорун баса белгилеген. Ал эми Япония оюндарын уюштуруу комитетинин директору Харюки Такахаши Олимпиаданы жокко чыгаруу мүмкүн эместигин айткан.