Орусиялык блогер Михаил Литвин өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына Кыргыз мигрантынын катышуусундагы пранкты жүктөдү.
Аталган пранкта ал көчөдөн өтүп бара жаткан адамдардан баласын карап турууну суранган. Мындай сунушту азыркы тапта Орусияда эмгектенип жүргөн Азамат Нуржанов четке каккан эмес. Бирок даярдалган сценарий боюнча белгисиз адамдар келип жаш баланы уурдаганга аракет кылышкан. Бул учурда видеодо көрүнүп тургандай мекендешибиз жаш баланы сактап калууга бүт аракетин жумшап, өзүнөн чоң эки кишини кармап калганга жетишкен.
Муну менен тим болбостон бирөөнү башка тээп жибергенге да үлгүргөн. Аталган видеону блогер өзүнүн баракчасына жайгаштырган соң аз убакыт ичинде көптөгөн "жакты" белгисин алган. Колдонуучулар Азамат Нуржановдун баланы сактап калууга кылган аракетин баалап, ага ыраазычылык билдиришкен.
Азамат Нуржанов Кыргыз өлкөсүнүн жеңил атлетика боюнча курама командасынын мурдагы мүчөсү, азыркы тапта Москва шаарында эмгектенет.
Мекендешибиз менен азын-оолак маектештик.
- Пранк кайсы учурда тартылган жана ал учурда кандай сезимдер болду?
- Пранктын тартылганына 1 айдан ашык убакыт өттү. Ал учурда мен пранк экенин билген эмесмин. Баламды карап тур дегенинен карап тургам. Белгисиз адамдар келип аны унаага салып кетүүгө аракет кылып баштаганда автоматтык түрдө ал экөөнү кармап алдым. Ошол кездеги эң биринчи оюм унаага баланы салдырбоо болду. Мындан улам унаанын эшигин жапканга аракет кылдым. Ал кезде мен өзүмдүн эмес, мага табышталып кеткен баланын коопсуздугун ойлодум. Менин максатым кандай учур болбосун балага эч зыян келтирбей алып калуу болду. Көп өтпөй мага ал пранк экенин айтышты. Мен буга чейин ал блогерди таанычу эмесмин, ошондон кийин гана тааныштым. Видеонун алдындагы жакшы ой-пикирлерди окуп ыраазы болдум. Тааныган да, тааныбаган да адамдар видеону жөнөтүп, өзүнүн жакшы ой-тилектерин айтып жатышат. Мен чоң деле иш кылган жокмун, менин ордумда ар бир эле эркек ошондой кадамдарга барса керек деп ойлойм.
- Орусияда эмгектенгениңизге канча болду? Спорттук карьераңыз кандай болуп жатат?
- Бул жакка февраль айында келгем, өзүм жеңил атлетика менен машыгам. Жашоо-турмушка байланыштуу чет жерде эмгектенүүгө туура келди. Бирок спортту таштаган жокмун. Мүмкүнчүлүк болсо эле, бош убактымды машыгууларга арнайм. Азыркы тапта да Москва шаарында өтө турчу марафонго даярданып жаткан учурум.
- Рахмат, ийгилик каалайбыз!