Нарын. Эрежесиз эр мушташта теңир-тоолуктар намыска бекем турушту

20-21-октябрда Бишкек шаарында республикалык деңгээлде вале тудо эрежесиз эр мушташ боюнча турнир өттү. Мелдешке өлкөнүн жети облусунан балбан улан-кыздар катышышты. Ал эми Нарын облусу боюнча 15 бала катышып, алардын ичинен 12 бала 1-2-3-даражадагы байгелүү орундарга ээ болушту. Облустун намысын коргоп, 1-орунду камсыз кылгандар: 70 килограмм салмакта Нурбек Темирбеков жана 55 килограмм салмакта Жолдошбек кызы Бейкут. Мелдешти КРнын Эрежесиз эр мушташ федерациясы уюштуруп келет. Спорттун бул түрү боюнча машыктыруучу Токтосун уулу Улан: "Балдарыбыз жакшы ийгиликтерди көрсөтүштү. Машыгууну күчтөп, жыл сайын катышуучулардын санын көбөйтөбүз. Ал эми быйылкы балбандар республикалык гана эмес, эл аралык деңгээлдеги мелдештерде да ийгилик жаратып жүрүшөт. Учурдан пайдаланып, мелдешке барып катышып келүүгө демөөрчүлүк көргөзгөн “Замандаш” партиясынын Нарын облустук бөлүмүнө жана Нарын шаардык спорт комитетинин жетекчиси Сыргак Жусуповго ыраазычылык  билдиребиз",- деп белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан