АКШнын президенти Дональд Трамптын кол тамгасы коюлган Библия 37 миң 500 долларга сатыкка коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта жазылгандай, АКШ лидери ушул жылдын июнь айында Ак Үйдө Библиянын биринчи бетине атын жазып, кол тамгасын койгон. "Moments In Time" сайты аталган Библияны сатыкка койду, баасы 37 миң 500 долларга бааланууда.