Орусиянын Забайкалье аймагында эркек киши уурдап алган 800 миң рублун (болжол менен 835 миң 683 сом) муктаждарга таратты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, полиция кызматкерлери Забайкалье аймагындагы Приаргунск кыштагындагы 23 жаштагы эркек кишини 800 миң рублду уурдап алгандыгы үчүн кармашкан. Анда ал кичи дүкөндүн сейфинен 800 миң рубль суммасында каражатты уурдап чыгып, боорукерлик кылып муктаждарга таратып жиберген.
"Белгисиз адам соода имаратынан 3 ноутбук, 800 миң рублду алып кеткен. Кылмыш ишине шектүү кармалды. Ал 23 жаштагы Приаргунск районунун Новоцурухайтуй айылынын жашоочусу. Ал уурдап алган акчаларды кайырчыларга тараткан. Андан сырткары кайрымдуулук урналарына дагы акча салган. Андан 57 миң рубль алынды", - деп жазылат маалыматта.
Кармалган адам кылмыш кылганын моюнуна алган.