Дагестанда турмушка чыгып жаткан колукту толкундануудан улам жүрөк оорусу кармап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя Дагестандын Мургук айылында болгон.
Той күнү кыз аябай тынчсыздангандыктан дары ичкен. Көп узабай абалы начарлап, аны ооруканага алып барышкан. Бирок дарыгерлер ага жардам бере алышкан эмес. Кызга тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.