Орусиялык окумуштуулар коронавирусту жасалма дем алдыруучу аппаратын колдонбой дарылоонун жолун табышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Орус микробиологдору гелий жана кычкылтектин аралашмасы менен ингаляция жасап, бейтаптын абалын жеңилдетип, жасалма дем алдыруучу аппараттын колдонулушун азайткан.
"Окумуштуулар мындай ыкманы Комидеги ооруканалардын биринде колдонуп көргөндөрүн билдиришкен. Анда ингаляцияны колдонгон 50 бейтаптын бирине гана жасалма дем алдыруучу аппарат керектелген. Окумуштуулар жасалма дем алдыруучу аппарат менен өпкөгө вентиляция жасоо адам организми үчүн өтө оор жүк экенин айтышкан. Микробиологдор гелий-кычкылтек ингаляторун өркүндөтүп, абаны дем алуу жана кайра аны чыгаруу үчүн эки башка тешик жасашкан", - деп жазылат маалыматта.