Деңиз суусунда туздун пайда болушунун биринчи илимий түшүндүрмөсүн Эдмунд Галлей 1715-жылы берген.
Галлейдин айтымында, атмосфералык жаан-чачын тоо тектеринде жана топуракта камтылган туздарды эритип, дарыянын суусуна агып келип түшүрөт, тагыраагы ошол туздарды океанга алып келип кошот. Күн нурунун таасири астында океандын бети тынымсыз бууланып турат. Ошол себептүү андагы эриген туздар океанда ошол бойдон калып калат. Ошол үчүн ал жерде көп туз топтолгон.
Эң кызыгы, эгерде бардык океандар кургап калса, анын ордунда калган туз менен 230 чакырым бийиктикте жана дээрлик 2 чакырым калыңдыкта дубал тургузууга болот. Мындай дубал бүтүндөй Жер шарын экватор боюнча айланта алат же дагы бир салыштыруу келтирип көрсөк, кургаган океандардын тузу көлөмү боюнча бүтүндөй Европа континентинен 15 эсе чоң.