Эң кичүүсү 1 жашта болгон. Тажикстанда 30 жаштагы аял төрт баласын муунтуп өлтүрдү

Тажикстандын Хатлон облусунда 30 жаштагы аял төрт баласын муунтуп өлтүрдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 9-сентябрда чак түштө болгон. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул фактыны тастыктап, учурда аял камакка алынганын билдирген.

"Аялдын аты-жөнү Назокатхон Т. Анын айтымында, окуядан эки күн мурун ал балдары менен агасынын үйүнө келген. Күйөөсү курулушта иштегендиктен, каргашалуу күнү күйөөсү үйдө болгон эмес. Балдар 10, 8, 4 жана 1 жашта болгон. Өз канынан жаралган чүрпөлөрүн өлтүргөн эне кылмышты дароо моюнуна алган.
Жаш энени мындай оор кылмышка түрткөн себептер азырынча белгисиз", - деп жазылат маалыматта.

Тажикстандын күч органдары, прокуратура тарабынан окуяга байланыштуу тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jibakana
2020-09-11 13:53:40
Может аял психическая больная, жалко балдарга
+8
Gulzina1993
2020-09-11 23:46:04
Ииии бироого зар бала бироого кор бала.....
+1
Kurbanalieva1991
2020-09-12 13:14:31
Тооба кылдым, каяка баратабыз адамдар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан