Болгарияда өкмөткө каршылыгын билдирип чыккандар 10-сентябрда кайрадан баш калаада чогулушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алар өкмөттүн жана башкы прокурордун кызматтан кетишин талап кылышууда. Акциялар 64 күндөн бери токтой элек.
Митингчилер Софиядагы парламент имаратынын жанына топтолуп, "Мафия кетсин!" деп ураан чакырып, премьер Бойко Борисовдун кызматтан кетишин талап катышкан. Полиция тартиптин сакталышына көз салган. Бейшемби күнкү акция негизинен тынч өткөн.
Эскерте кетсек, буга чейин миңдеген киши "Улуттук козголоң" деп аталган кыймылга кошулган. Алар Болгариянын өкмөтү жана сот системасы олигархтардын көзөмөлүнө өттү деп нааразы болушкан.