Орусиялык рэп ырчы Тимати аялы Анастасия Решетова менен ажырашты

Орусиялык рэп ырчы Тимати аялы менен ажырашып кетти. Бул тууралуу анын аялы модель Анастасия Решетова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Жылдыздуу түгөйлөр алты жыл бирге чогуу жашашкан. Бул убакыт аралыгында алар Ратмир аттуу уулдуу болушкан.

Бүгүн Решетова өзүнүн Инстаграм баракчасында рэпер экөө бир үй-бүлө эмес экендигин жарыялады. Ошол эле учурда модель Тиматиге "эң сонун алты жыл" үчүн ыраазычылыгын билдирип, алар бул убакыт аралыгында эң жакын достордон жана эң мыкты түгөйлөрдөн болгонун белгиледи.

Анастасия тыныгуунун себептерине өзүнчө токтолгон. Брюнетканын айтымында, чогуу жашаган жылдар аралыгында ал өзү жана жашоого болгон көз карашы өзгөргөн. Ошол эле учурда кыз алардын ажырашуусуна "бейтааныш адамдар" катышпагандыгын айтып, андыктан "бумеранг" мыйзамын унутуп коюу оң деп баса белгилеген.

Решетова октябрь айында бир жашка чыга турган уулу үчүн Тимати менен жылуу мамилени сактап калам деген үмүтүн билдирди. "Ратмирчик үчүн мамилебизди идеалдуу ата-эне тандемине айланта алабыз деп ишенем" деп жазган. Ошондой эле ал баласын атасына ашык кылып тарбиялоого сөз берди.

Эске салсак, Тимати болжол менен алты жыл мурун кызы Алисаны төрөгөн модель Алена Шишкова менен ажырашкан. Андан кийин Анастасия Решетова менен бирге жашап баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eden-Hazard
2020-09-13 12:04:40
Мынча сулуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан