Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин тун кызы Саида уулдуу болуп, ага таятасынын атын койду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Канчалык оор болбосун жашоо улана берет. Адамдар турмуш куруп, балдар төрөлөт. Биздин үй-бүлөгө да баш кошулуп, кичинекей Шавкатик, биздин күнүбүз төрөлдү. Аны менен көптөн бери тааныш болбосок да, сүйүүбүз абдан күч. 24 саат бою биргебиз. Бул кандай экенин энелер билет", - деп жазган Мирзийоева.
Эске салсак, президенттин улуу кызы Саида Мирзийоева Ойбек Турсуновго турмушка чыккан. Алардын Миромон аттуу уулу, Саодатхон аттуу кызы бар.