Президент быйыл Бишкекке 100 автобус алуу аракети көрүлүп жатканын айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл Бишкекке 100 автобус алуу аракети көрүлүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

"Шаар тургундарына негизги көйгөй - коомдук транспорт. Бул боюнча өкмөт, Бишкек мэриясы иш алып барып жатат. Мен толук кабардармын. Болгон кеңешимди айтып, колдоп, бул багытта чогуу иш алып барып жатабыз. Мэрияга милдет жүктөлгөн. Этап-этабы менен газ менен иштеген автобустарга, электр кыймылдаткыч менен иштеген автобустарга өтүү пландалууда. Бул дагы бир чоң көйгөй, шаардын абасынын булганышын азайтат. Мэриянын эсеби боюнча, шаар ичиндеги кичи автобустарды заманбап автобустарга алмаштыруу үчүн дагы 800дөн миңге чейин автобус, троллейбустар керектелет. 2019-жылы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 60 автобус алынган. Быйыл 100 автобус алуу аракети көрүлүп жатат. Донорлор менен иштеп жатышат. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Фонддун жардамы менен 2021-жылы 300 автобус алып келүү пландары бар. Мэриянын бул ишине мен эмнеге көңүл буруп жатам? Калкыбыздын саламаттыгын коргоо - мамлекеттин негизги милдети. Коомдук унааны жакшыртуу шаар экологиясына, баарыбыздын ден соолугубузга түз таасир этет", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан