"Анын мындай кадамы тарыхта калат". Япониялык футболчу кыз эркектер лигасында ойнойт

Япониялык футболчу кыз Юки Нагасато келерки сезондон тарта эркектер лигасында ойнойт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Ага ылайык, футболчу айым буга чейин АКШдагы кыз-келиндердин "Чикаго Ред Старз" клубунда ойногон. Футболдук сезондогу тыныгуу убагында команда оюнчусуна эркектер лигасында ойноого уруксат берген.

Белгилей кетсек, 33 жаштагы Юки Нагасато 2011-жылы Япониянын кыз-келиндер курама командасы менен Дүйнө чемпиондугунда уткан. Улуттук команда менен 2015-жылы Дүйнө чемпиондугунун, 2012-жылы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесине татыган.

"Японияда мындай чечим, тактап айтканда, футболчу айымдын эркектер лигасында ойногону биринчи жолу чыгып жатат. Юки Нагасато эми япониялык "Хаябуса Элевен" командасында ойномокчу. Анын мындай кадамы тарыхта калат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Welcome.
2020-09-12 17:24:55
ФИФА уруксат береби?
0
Agayu
2020-09-12 19:41:02
Дүйнө жакшы жагы менен тарыхта калат , биздин хандарыбызчы ?? Тарыхты бурмалап коюшабы??
+2
Baktyluumun98
2020-09-12 21:47:26
Жакшы
0
Bermet01
2020-09-12 22:01:06
Молодец. Эркектен кем калышпай. Негизи ушинтип эркек менен кыздарды аралаштырып ойносо сонун болмок кызыктуу
0
Sancho-
2020-09-13 00:54:19
Bermet01, футбол талаасында эки экиден болуп кетишсин анан
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан