Иранда өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча чемпиону Навил Афкари өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, 27 жаштагы спортчу кечээ, 12-сентябрда эртең менен Фарс провинциясында өлүм жазасына тартылган.
"Афкари 2018-жылы өкмөткө каршы уюштурулган көчө демонстрацияларына катышканы үчүн айыптуу деп табылган. Мындан тышкары спортчу кароолчунун өлүмүнө дагы катышы бар деп айыпталган", - деп жазылат маалыматта.
Ага чейин Афкаринин таламын UFC башчысы Дана Уайт жана АКШ президенти Дональд Трамп да талашканы белгилүү болду. Бирок иран бийлиги өкүмдү ишке ашырган.