Минск шаарында нааразычылык акциясына чыккан 114 адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-сентябрда Минск шаарында Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразычылык акциясы өттү. Жалпы 114 жаран массалык иш-чаралар жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кармалганы жазылган.
Эске салсак, митинг, нааразылык акциялар Беларуста 9-августтагы шайлоодон кийин башталган.