Казакстандын Алматы шаарында нааразычылык акциясы тынч өттү

Кечээ, 13-сентябрда Казакстандын Алматы шаарында нааразычылык акциясы өттү. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Алматы шаарынын коомдук өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Айдар Есенбековдун айтымында, митингдин уюштуруучулары буга чейин бир катар эскертүүлөрдү алышкан.

"Уюштуруучуларга алгач социалдык аралыкты сактоо жана талаптарын так айтуу керектиги эскертилген. Айрым учурларда эреже бузуу фактылары катталган. Алар талаптарды коюуудан четтеп, акциянын максатына туура келбеген плакаттарды көтөрүп алышкан. Биз аларга расмий түрдө эскертүү бердик. Уюштуруучулар жоопкерчиликти алып, бардык талаптардын аткарылышын камсыз кылат деп ойлогонбуз", - деген ал.

Акция тынч өттү, көчөлөр тосулган жерлерде, полиция кызматкерлери күзөттө турушкан. Аталган аймактын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, митингге 100гө жакын адам катышты, алар тартипти бузган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан