Шотландиянын Данблейн шаарындагы сейил бакта жыныстык катнашын видеого тарткан жаш түгөйдү полиция кызматы издейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына шаар тургуну кайрылган. Кайрылууда сейил бакта жарым жылаңач аял менен эркек сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасап, ошол эле убакта аны видеого тартып жатышканын айткан.
"Сейил бакта жаштар, өспүрүмдөр, сейилдейт. Бул жер коомдук жай" деп арызданышкан тургундар.
Полиция кызматы айтылган дарекке барып, аталган жарандарды таппай калышкан. Полиция бул иш боюнча териштирүү жүргүзүп, акыркы 2 жумадан бери шектүү аял менен эркектин аты-жөнүн аныктай элеги жазылат маалыматта.