2018-жылы өкмөткө каршы уюштурулган көчө демонстрацияларына катышканы үчүн күнөөлүү деп табылып, өлүм жазасына тартылган грек-рим күрөшү боюнча Ирандын бир нече жолку чемпиону Навил Афкаринин жазага тартылуу алдындагы акыркы сөздөрү интернетке тарады.
"Эгерде мен өлтүрүлсөм, анда сиз акыйкат үчүн күрөшкөн жана аны угуу үчүн бардык күч-аракетти жумшаган бейкүнөө адамды өлтүргөнүңүздү билиңиз. Бирок эч ким уккусу келген жок", - деген Афкари.
Мындан тышкары Афкариге жазага тартылар алдында үй-бүлөсү жана жакындары менен акыркы жолу жолугушууга уруксат берилген эмес.
Балбанды сактап калууга АКШ президенти Дональд Трамп, UFC президенти Дана Уайт, Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах жана башка көптөгөн таасирдүү адамдар аракет кылышкан. Бирок Иран бийлиги катуу турду. Афкари Шираз шаарындагы Адель-Абад түрмөсүндө дарга асып өлтүрүлдү.