"Жакында эле келин алышкан". Казакстанда кош кайгылуу окуя болду

Коңшу Казакстандын Ак-Төбө облусунун Шубарши айылында эне-бала бир түндө өз жанын кыйды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрь күнү үй-бүлөлүк чырдан улам 68 жаштагы аял өзүнүн үйүндөгү газ түтүгүнө асынып алган. Апасынын асылып турганын биринчилерден болуп көргөн 28 жаштагы баласы туруштук бере албай, өзүнө бир нече ирет бычак сайган. Натыйжада эне-бала бир түндө каза болгон.

Окуя орун алган учурда үйдө каза болгондордун жакын туугандары болгон. 28 жаштагы жаран жакында эле үйлөнгөн жана 19-сентябрда үлпөт тою өтмөк.

Кайгылуу окуя болгон бул үй-бүлө бардар жашоодо жашачу. Каза болгон 28 жаштагы жаран мунайзат чыгарган заводдо иштээри белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Targarien
2020-09-15 01:17:43
Олгондун озунун шору. Жан дагы аманат. Аны кыйганга сенин акын жок. Эми сурагынарды бересинер
+3
kanu
2020-09-15 18:52:18
Жаман иш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан