Тынч океандын жээгинен чыккан өрттүн түтүнү АКШнын Атлантика жээгине жетти

Тынч океанынын жээгинен чыккан өрттүн түтүнү АКШнын Атлантика жээгине жетти. Бул тууралуу Улуттук метеорологиялык кызматы билдиргенин батыш маалымат булактары жазышууда.

Маалыматта жазылгандай, өрттөн чыккан түтүндүн бир бөлүгү 3 жарым миң чакырымдан ашуун аралыкка жылып, АКШнын борбору Вашингтонго жеткен. Ал эми өрттөн чыккан түтүн АКШнын Орегон штатынын беш шаарында, анын ичинде Портлендде абанын булгануусуна эң көп таасирин тийгизүүдө. Абанын булганышы буга чейин эң жогорку делген белгисинен ашып кетти. Вашингтондо жана Калифорния штатында да абанын булгануу деңгээли жогорулап, кооптуу абалды жаратууда деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан